​Акча катып алган милициялар кармалды​

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:40

Чүй облусунун Аламүдүн жана Жайыл райондорунун ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондордун милиция кызматкерлери ири өлчөмдө акча уурдады деп айыпталган жаранды колго түшүрүшкөн. Алар жаранды жана жакындарын коркутуу жолу менен акча катылган жайды табышкан. Тергөө тобу келгенче милиция кызматкерлери 39 миң долларды катып алышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана укуктарын ашыкча колдонуу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!