​Наристеге зомбулук кылып 20 жылга кесилди

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 16:07

Жалал-Абадда беш жашар кызды зордуктоого айыпталган адам 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы 15-октябрда Жалал-Абад шаарынын тургуну милицияга 5 жаштагы кызына бейтааныш адам сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганын айтып кайрылган. Кийин соттук медициналык-экспертиза дайындалып, секелек кыздын зордукталганы аныкталган. Бул ишти Жалал-Абад шаардык соту карап чыгып, айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратылып, катуу тартиптеги абакта жазасын өтөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!