Жаңы троллейбустар алынып келинди

3-Апр. 2018, Шейшемби, 11:20

Бишкекке жаңы дагы төрт троллейбус алып келингенин Бишкек троллейбус башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, темир жолу аркылуу алып келинген троллейбустарды башкармалык түшүрүп алды. Бирок, бул троллейбустар дароо эле каттамга чыкпайт.

«Жаңы алынып келинген троллейбустарды азырынча өткөрүп ала элекпиз. Заводдун кызматкерлери келип, кабыл алуунун бардык жол-жобосу аяктагандан кийин гана транспорт эл ташып баштайт», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекке дагы 5 жаңы троллейбус алынып келинген. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 52 жаңы троллейбус алынып келинет. Калган троллейбустар июнь айына чейин алып келинет. Россиянын «Тролза» компаниясынан 37 троллейбус алынса, калган 15и Беларуссиядан алынат. Транспорттун жалпы суммасы 7 миллион евро. Бул каражатты Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы берген. Мындай аракеттер Бишкектеги коомдук транспортторду жаңылоо долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!