Төлөбеков: ”Тасма тартам деп баарын жоготуп, кайра таптым”

Төлөбеков: ”Тасма тартам деп баарын жоготуп, кайра таптым”
7-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:39

Буга чейин «Президент жана бомж» тасмасы менен Борбор Азия өлкөлөрүндө таанымал болгон продюссер-сценарист Өмүрзак Төлөбековду маекке тарттык. Өмүрзак мырза бир нече тасмалардын режиссеру.

-“Президент жана бомж” тасмасын тартуу идеясы кайдан келип чыккан?

-Бул 2000-2001-жылдары “Акча” деген повестти жазгам,ошондон улам келип чыккан. Акча барында адам кандай болот, акча жогунда кандай болот. Турмуштан көп сабак алып калдым.”Акчаң болсо танкасың, акчаң болбосо маңкасың” дегендей. Өзүмдүн башыман өткөн бир окуя эле, бизнесмен болуп жүргөн убагым, элдин баары сыйлап, андан кийин бизнесимен да айрылдым, үй-бүлөмөн, машина, үй жайыман барынан айрылып, көчөдө калдым. Карызга баттым, ичип да кеттим. Мына ошол кезде элдин мамилесин көрдүм. Эми Кудайдын буйругу менен кайра жакшылыкка жетишип, ошол кезде көңүлүм, ичим муздап турганда ушул акча деген повестти жазган элем. 2004-жылдары китеп болуп жарыкка чыккан. Анан үч-төрт жылдан кийин ошону кино кылып тартайын деп ойлондум, ага дагы бир нерсе жетпегендей болду. Кыргыз эли абдан саясатташып кеткен. Ошондо ойлонуп отуруп, кимди кошуп койсом президентти кошуп койсомбу деген ой келген. Мен да саясаттын тегерегинде жүрүп, алардын турмушун билип калгам. Отуруп ойлондум да президент болсо ортодо бир кайырчы да болуш керек дедим. Бизнесмен болуп жүрүп бардык нерсесинен ажырап калып, ичип, көчөдө калган селсаяк ойго келип ошондон улам “Президент жана бомж” деп тартылган.

-Тасма канча убакытта тартылып бүттү? Тасманы тартууга канча каражат сарпталды?

-“Президент жана бомж-1” тасмасын жаңы тартканда үч сааттык кино кылып тартып алыптырбыз. Буга 70 миң доллар кеткен. Азыр ошол сарпталган каражаттарын жазуусу бар тартылып бүткөнчө 40 миң доллар кеткен, 20 миң доллар карыз болуп чыккам. Андан кийин мага сабак болуп калды да ашык эпизод тартпай, сценарий жазып жаткан учурда ар бир сүйлөм менен сөздү ашык кое бербей калдым. Ал эми “Президент жана бомж-3” тасмасын тартууда сьемка 20 күн болду, бир айда тартып бүттүк, монтажын даярдап, үнүн жаздырып, бир жарым айда тасма даяр болду.

-Бул тасмада режиссерлук, операторлук кызматты кимге тапшырдыңыз?

-Кубат Шамшиев буга чейин “Баш аламан”, “Ызы чуу”, ”Салам Бишкек” тасмаларында режиссер болгон, ушул жигит режиссер болду. Операторлукту Азиз Шайлообаев аткарды.

-Актерлорду табуу оңойго турбаса керек?

-Ооба, эң кыйын. Мен сценарийди жазып жатканда эле ойлоно баштайм, бул ролду ким аткарат, ким туура келет деп талдай баштайм. Мен тажырыйбалуу болуп калдым, жазып жатканда эле элестете баштайм. Негизи профессионалдар тартылыш керек. Мен эч качан кастинг аркылуу албайм, себеби кастинг кылганда он миң кыз келет, анын ичинен бир кызды тандап алсак калган 9999 кыз ошол киного каршы душман даяр турат да. Ошол үчүн мен кастинг жазабайм.

-Кино тартып, эмне пайда таптыңыз жана эмнени жоготтуңуз?

-“Президент жана бомжду” тартканда машинамды саттым, үйүмдү, дачамды саттым, анан кийин кайра бардыгын алдым. Менин тапкан пайдам “Президент жана бомж “тасмасы чыкканына 6алты жыл болду, дагы деле сыналгылардан коюлат, көп көрүлүп жатат. Азыркы жаш муундардын тасма жакшы экен деген сөзү, мени чоң пайдага жеткирди. Азыр элдин бардыгы эле кызматка жутунат, себеби кызмат бул кайф, мындайча айтканда апийим сыяктуу да , а мага элдин кино жакшы экен деген пикири өтө пайдалуу десем болот. Буга мен көп акча сарптайм жана сарптап да келгем, буга мен өкүнбөйм. Бул жашоодон кийин кайра жашоого келсек деле мен ушул жашоону тандамакмын. Анткени тасмаларым элге жакса мен чоң канаттануу алам. Ал эми жоготконум жок.

-Бул тасманы тартууда бийлик тараптан бут тосуулар болгон жокпу?

-Бул кинодо бут тосуулар болбойт, курч сын –пикирине карабай уруксаатын беришти.

-“Президент жана бомж-3”, “Ханзада сүйгөн айылдык кыз “, деп тарттыңыздар тасма тууралуу айтып берсеңиз?

- Президент жана бомж-3” бул тасмада президент кызматтан кетти, анын үй-бүлөөсү ,бала- чакасы тууралуу. Экс президенттин сүйүүсү, анын баласынын сүйүүсү. Мында мен аны өзүнчө башка кино кылып, президент жана анын турмушу кылсам анда көркөм кино болбой калат, ошол үчүн мен аны “Ханзада сүйгөн айылдык кыз” деп буруп салдым.

-“Президент жана бомж 3” “ Ханзада сүйгөн айылдык кыз” тасмасын кайсы күндөн баштап кинотеатрлардан көрө алабыз?

- 3-майдан баштап, Бишкекте Манас, Россия, Октябрь, Жал жана Кыргыз кинотеатрларында башталды, ал эми Ошто Ак-Буура кинотеатрында болуп жатат. 10 күндөн кийин дагы башка аймактарга Москва ,Стамбул, Анкарага алып чыга баштайбыз.

-Кайталангыс тасманы кантип жаратуу керек?

-Биринчиден сценарий жакшы болуш керек. Актер режиссер, оператор керек, бирок сценарий жакшы болушу шарт.

-Кызыгы бул тасманы чыныгы президенттер көрүшөбү?

-Бардыгы көрөт, кызыгып көрүшкөн, мен билем аябай кызыгуу менен көрүшөөрүн.

-Бул тасмадан кийин алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

-Кудай буюрса “Кара хан таажысы” деген тасманы Казакстан, Өзбекстан болуп биргелешип тартканы турабыз. 812-жылдан 1207-жылга чейин Караханийлер башкарган экен төрт кылым. Кыргыз, Өзбек Казак биргелешип душман болбой биригип, бир эл болуп деген идея. Ошол үч эл биригип Караханийлер таажысын, ошол алтын таажыны алыш үчүн Турцияга барышат ,мына ошол окуя жөнүндө тартылат. Казактарга абдан жагып мени чакырышты, Кудай буюрса ошол тасманы тартууга камданабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Хабиб – Конор мелдешинин калысы канча алат?
Хабиб – Конор мелдешинин калысы канча алат?
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Бактыбаев:
Бактыбаев:"Биздин өлкөдө адамды адам сатууга тыюу салынган"
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Футболчулар калысты сабашты (видео)
Футболчулар калысты сабашты (видео)
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
Трамп БУУда эмнелерди айтты?
Трамп БУУда эмнелерди айтты?