Рыскулов: "Кыргыз-кытай газ куурун куруу 2019-жылы башталат"

Рыскулов:
15-Май 2018, Шейшемби, 19:00

Түркмөнстандын газын Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайга жеткирүүнү көздөгөн долбоордун мөөнөтү боюнча протоколго кыргыз өкмөтү тарабынан өзгөртүү киргизилип жатат.

Бул долбоор Түркмөнстандын газын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга сатууну максат кылат. Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы - 1,2 млрд. доллар. Газ куурунун Кыргызстандагы узундугу 215 чакырымды түзөт. Газ куурунун кыргыз бөлүгүнүн башталышы Ош областынын Чоң-Алай районундагы Карамык айылынын жанындагы (Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы) “Карамык” өткөрүү пунктуна жакын жерде башталып, аягы Ош областынын Алай районундагы Нура айылынын жанындагы (Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы) “Иркештам” өткөрүү пунктуна жакын жерде бүтөт.

Кыргызстандын аймагы аркылуу газ куурун салуу боюнча келишимге 2013-жылы кыргыз өкмөтү менен Кытайдын өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган. Анда курулуш иштери ошол эле жылы башталып, 2016-жылы аяктай тургандыгы каралган эле. Бирок, кыргыз өкмөтү келишимде каралган мөөнөт объективдүү себептерден улам кечигип келгендигин жана ал кыргыз тараптан көз каранды эместигин түшүндүрүп келишет.

Түркмөнстандын газын Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайга жеткирүүнү көздөгөн долбоор 8-майда Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде талкууланган. Анда өкмөт Түркмөнстандын газын Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайга жеткирүүнү көздөгөн долбоордун мөөнөтү боюнча протоколго өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылган.

Жогоруда аталып жаткан долбоор боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов: “Сунушталып жаткан жаңы протоколго ылайык, Кыргызстандын аймагында газ куурун куруу 2019-жылы башталып, 2022-жылы бүткөрүлөт”,- деп билдирди.

Анын айтымына караганда, Кытай мамлекети кыргыз-кытай газ куурун өздөрү салышат. Анын узундугу 215 чакырымды түзөт. Бирок, газ кууру Кыргызстан аркылуу Кытайга жылына канча куб метр газ кетсе, ошого жараша кытай тарап транзит үчүн акы төлөшөт. Мунун баары мамлекеттик бюджетине түз түшөт. Башында 40 млн доллар, кийин толук кубаттуулукта иштегенде 70 млн доллар төлөйт.

“Бул газ куурларынан келишимге ылайык өлкөгө газ алынбайт, жөн гана биздин өлкөнүн аймагы аркылуу өтөт. Ал эми газ кууру өтө турган жеке менчик жерлердин ээсине конпенсация төлөнүп берилген”, - деди Рыскулов.

Бул долбоор боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, кийин эле саясат болуп кетпесе, бул долбоор боюнча эч кандай коркунуч жок. Кыргыз-кытай газ куурун куруу Кыргызстандын экономикасына пайда алып келе турган чоң экономикалык долбоор.

“Бул долбоор Кыргызстандын экономикасына салым кошо турган долбоор. Себеби дегенде Кыргыстан аркылуу кытай тарапка канча куб метр газ кетсе, алар ар бир кубуна транзит үчүн 4 доллардан төлөйт. Ошондо жылына биздин бюджетке болжол менен 40 млн доллар түшөт. Келечекте анын көлөмү 90 млн долларга чейин жетиши мүмкүн. Бул биздин экономикага чоң салымы болот. Ал эми саясий жагы болгондо бизде “Газпром” компаниясы, Россия деген бар. Эми мындайда жөндөмдү боло бериш керек өлкө. Келечекте алар бизден шарт сурап калабы? Агада даяр болушу керек Кыргызстан. Азыр Кытай тарап менен транзит боюнча түзүлгөн келишим. Экономикага салымы бар. Ошондуктан азырынча коркунучтуу же мамлекет уттура тургандай эч нерсе көрүнбөй турат”,- дейт Рыспаев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР