Талашка карабай өкмөттүн ишине парламент канааттанды

Талашка карабай өкмөттүн ишине парламент канааттанды
14-Июнь 2018, Бейшемби, 19:37

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчеттун угуп, өкмөттүн ишине “канааттандырарлык” деген баасын берди.

Ал эми өкмөттүн отчеттун кабыл алуу токтомуна 96 “макул”, 5 депутат “каршы” деп добуш беришти.

Жыйында Абылгазиев баяндама жасап жатып, өкмөт 2017-жылы “Ишеним жана биримдик” жана “Жаңы доорго кырк кадам” программаларынын негизинде иш алып барганын айттып, ал программалардын аткарылышы 90,1 пайызды түзгөнүн белгилеген.

“Отчет боюнча эки нерсени баса белгилеп кетким келет. Биринчи 2017-жылдагы иштердин негизги өзөгү “Ишеним жана биримдик” программасында белгиленген иштер түздү. Экинчиден, жылдын аягына чейин аткарылган иштердин баары 2016-жылдын 30-ноябрында сиздер бекиткен 2017-жылдын бюджетинин алкагында аткарылды. Отчетту өкмөт жаңы форматта түзүп, ага ылайык эл аралык рейтингтер боюнча өлкөнүн позициясы 2016-жылга салыштырмалуу 1,5 пайызды түздү. Биринчи бул бизнес жүргүзүү боюнча “Doing Business” индекси боюнча Кыргызстан эки позициясын жоготту же 75 орундан 77 орунга түшкөн. Мында электр энергиясына кошулуу, салык системасын администрациялоо, контрактарды аткарууну камсыз кылуу сыяктуу бир нече көрсөткүчтөр бар. Ушулар боюнча бизде көрсөткүчтөр төмөн болду. Бирок, 2017-жылы төлөмгө жөндөмсүздү чечүү боюнча 11 пайызга, кредиттерди алуу боюнча 3 пайызга позицияларын жакшыртканы байкалды. Экономикалык эркиндик рейтинги боюнча Кыргызстан өзүнүн позициясын 11 пайызга көтөрүлгөн же 89 орундан 72 оруннга чыккан. Глобалдык атандаштыкка жөндөмдүү индекси боюнча өлкөнүн позициясы 9 пайызга жакшырып, 111 орундан 102 орунга чыккан”,- дейт Абылгазиев.

Андан сырткары Абылгазиев 2017-жылы экономикалык өсүш 4,6 пайызды түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1 пайызга жогорулаганын айткан. Ошондой эле ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 521 миллиард сомду түзүп, экономикалык өсүш бардык тармактарда камсыздалып, өнөр жайдагы реалдуу өсүш 11,5 пайызды түзгөн. Тышкы карыз өлкөнүн ички дүң продукциясына карата 53,9 пайызды түзгөн. Ал эми Банк секторунун кредиттикр портфелин долларлаштыруу деңгээли 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу орточо алганда 4,3 пайызга азайган же 41,3 пайызды түзгөнүн. Депозиттик базаны долларлаштыруу деңгээли 2016-жылга салыштырганда 7,2 пайызга азайып же 49 пайызды түзүп, мурун 57 пайыздын тегерегинде болгонун кошумчалады.

Абылгазиевдин айтымында, улуттук валютадагы насыялар боюнча орточо үстөк 19,8%ды түзүп, мурунку жылга салыштырганда 4,7%га азайды, чет өлкөлүк валютада – 10,5 % болуп, 2%га азайды. Өткөн жылы инфляция 3,7% түздү.

Өкмөт башчнын баяндамасынан кийин өкмөттүн иши боюнча талаш жаралды.

Айтаксак депутат Максат Сабиров өкмөттүн отчетун талкуу кылбай эле добушка коюну сунуштады.

“Бизге келген материалда отставкага кеткен өкмөттүн эле маалыматтарын кайра окуп чыктык. Ал боюнча биз чечим кабыл алганбыз. Алар отставкага кетти. Анан алардын 80 пайызы кайра эле ушул жерге келди, анан эле биз укканда уктук ошол иш жакшы болгонун. Ошондуктан кайра эле программа айтылып калдык окшойт деп ойлойм. Мындан улам азыркы өкмөттөн эмнени сурайбыз? Суроо-жооп болгондо өткөндөгү нерсенин баарын кайра эле сурайбыз. Анан эмнени эле жазайсыңар деп эле сурабасак, бир ай иштеген өкмөттөн эмнени сураганы жатабыз. Ошондуктан мен айтат элем, комитеттин чечими дагы эске алынсын деп берилип жатат дейт. Бул боюнча бир чечим кабыл алып, бир күн кечке убакытты өлтүрбөстөн ушул нерселерди кабыл алышыбыз керек. Азыр өкмөт башчы отдел кадр болуп отурат, акимдерди кое албай. Ошондуктан буларды эрте кетирели да, иштешсин. Булардан эмнени сурайбыз, кетирсек азыр кетирели. Анткени, азыркы өкмөт башчы 2017-жылы сегиз ай вице-премьер-министр болуп отурган. Ал өкмөттү отчету биз жарабайт, болбойт, жаман иштешкен деп аларды иштен кетиргенбиз, азыр келип алып отчетун угалы деп атабыз. Ушул туура иш болуп жатабы? Башынан туура эмес кылганбыз. Муну мен азыр айтып жатам. Эгерде ошондой кыла турган болсок, анда Мухаммедкалый Дүйшекеевич отставкага кеткен өкмөт менен кошо отчету кабыл алынганда. Анан кайра биз баякы эле суроолорду бербиз. Анан эске алынсын деп, кол көтөрүп кетиребиз”,- деди Сабиров.

Ал эми депутат Сайдулла Нышанов мыйзам боюнча иштөө керектигин белгилеп, ал регламенттин 101-берененин негизинде мамлекеттик органдардын ишин баалоо керектигин айтса, дагы бир депутат Жанар Акаев суроо-жооп болушу керектигин белгиледи.

Ошондой эле депутат Каныбек Иманалиев: “Биринчин баа берүү боюнча, биз мурдагы өкмөттүн очеттуа баа бердик, Баабыз менен кетирдик. Азыркы жаңы өкмөттүн отчеттун маалымат катары эске алабыз. Анан Кыргызстанда мындан өткөн эң чоң жыйын жок. Өкмөт барып иштесин дейт. Өкмөттүн эң чоң жумушу ушул. Бир жылда эки маанилүү күн бар. Ал өкмөттүн отчеттун жана бюджетти бекитүү. Бул Абылгазиевдин отчету эмес, бир жылдагы алты миллион элдин тагдырынын отчету. Социалдык, экономикалык. чарбалык иштин отчету. Ошону токтотолу деген үч-беш кишиге таң калып жатам. Алардын мындан ашкан чоң иши жок. Алар жоопкерчиликти сезсин”,- деди.

Талаш тартыштан кийин өкмөт башчы жана анын мүчөлөрүнүн ортосунда суроо-жооп иретинде уланды.

Анын жүрүшүндө депутат Бакыт Төрөбаев Бишкектен башка аймактарда көп кабаттуу үйлөр аз курулуп жатканын айтып, бул маселени карап чыгууну премьерден суранды.

Эл өкүлүнүн суроосуна өкмөт башчы: “Бул маселени түшүн жатам. Турак жайлардын реиондордо өнүкпөй жатканын. Биз өткөндө финансы институттары менен жолуктук. Анан ал жакта шарт койдук. Эгер аймактарда башкы кеңсени ачып, ошол жакта каражаттарын ошол тарата турган болсо, салык жагынан жардам берели деп жатабыз. Банк барса, ошол жакта жумуш орундар түзүлөт. Айлык акы алат жана анын региондун жашоо шартына тиешеси болот. Ошондуктан мен ойлойи эмне үчүн курулуш барбай жатат дегенде элдин алганга элдин каражыты азыраак. Экинчиден жагынан реионду өнүктөрөбүз десек, салык жагынан, жер жагынан жеңилдикти беришибиз керек”, -деп жооп берди.

Ал эми депутат Сайдулла Нышанов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, “Коргоо министрлигин кайра түзүү боюнча пикириңиз кандай?”,- деп сурады.

Өкмөт башчынын айтымына караганда, бул маселе учурда талданып жатканын жана бул боюнча президентке айтканын билдирди.

Ошондой эле дагы бир депутат Мирлан Жеенчороев күйүүчү майдын баасы тууралуу маселе көтөрүп, ал күйүүчү май кымбаттаса да өкмөт тийиштүү чара көрбөй жатканын айтып наары болду.

Бул маселе боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаров күйүүчү майга болгон баа дүйнөлүк биржада өсуп жатканын айтат. Ал билдиргендей, өлкөгө к елген майлардын 80 пайызы сырттан келет жана өлкөнүн заводдору күйүүчү май менен 20 пайыз гана камсыз кыла алат. Ошондуктан учурда мунай заттарын кайра иштетүүчү заводдордун ишин күчтөндүрүү тапшырмасы коюлган.

Ал эми өкмөт башчы Казакстандын премьер-министри менен ал жактан нефти продуктусун алып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн, казак тараптан келген күйүүчү майдын баасыда арзан болоорун, бул боюнча уруда иштер жүрүп жатканын билдирди.

Депутат Каныбек Иманалиев Коргоо комитеттинин төрт тик учагы ижарага Сомалиге кетип жатканын айтып, бул маселег көңүл бурууну суранды өкмөттөн.

“Кыргызстанда болгону алты тик учак болсо, анын экөөсү иштебейт. Экөөнү Америкадан, дагы экөөсүн Россиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп турат. Кыргызстанга бир тыйын акча түшпөйт, бүт эсептин баары Дубайдагы эсепке түшмөк болот. Мындан биздин дүйнөлүк беделибизге доо кетти, согуш болуп аткан өлкөгө жардам берип атабыз. Экинчиден биз аны Россиядан жардамга алганбыз, үчүнчү өлкөгө берүүгө акыбыз жок. Үчүнчүдөн ошого кол койгон адам жоопкерчиликке тартылыш керек. Бул уят иш. Урматтуу премьер-министр сиз мындай кийин президенттик администрациянын бөлүм башчылары менен кандай кызматташасыз? Алар протоколдук тапшырмалар менен эле 1 млрд сомду бөлдүрө берет экен. Мына ушул тик учак боюнча дагы Алымкожоевге дагы бөлүм башчы протоколдук тапшырма менен төрт тик учакты бөлүп жатат”,- деди Иманалиев.

Бул маселе боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кетип жаткан тик учактар боюнча дагы териштирүу иштери жүрөрүн, эгерде Кыргызстандын беделине тескери таасир алып келип жатса, аны карап оң жакка чечиш керектигин билдирди.

Ал эми депутат Исхак Масалиев: “Бүгүн биз премьер-министрдин отчетун угуп жатабыз, өкмөттүн эмес. Демек бул Сапар Исаков деген жарандын отчету болуп жатат. Ал отчетту азыркы премьер-министр жарыялаган. Бул кагаздар мурдагы премьердин убагында бизге келген. Ошол себептен бааны биз Мухаммедкалык Абылгазиевге берген жокпуз, Сапар Исаковго берип жатабыз. Мен ойлоп жатам, “канааттандылырбасын” деген баа туура болот. Мунун артынан эчкандай маселе чыкпайт. Эгер биз “канааттандырарлык” деп койсок анда кызыктай абалда болуп калабыз. Себеп эртең башкача оюн болуп кетет. Муну эске алып коелу”,- деди.

Бирок, депутаттар суроо-жооп түрүндөгү талкуудан соң депутаттар өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча добуш беришти. Добуш берүүгө 111 депутат катышты. Добуш берүүнүн натыйжасында 96 депутат "макул", 5 депутат "каршы" деген добуш берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!