3-апрель: жаан карга айланат

3-апрель: жаан карга айланат
3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 3-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланышы мүмкүн, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз +1...+6;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +1...+6;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +3...+8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +4...+6 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!