4-апрель: жаан жана кар жаашы күтүлөт

4-апрель: жаан жана кар жаашы күтүлөт
3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 4-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-3, күндүз +3...+8;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз +2...+7;

Баткен облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +6...+11;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +7...+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +4...+9;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Күндүз жаан-чачын ыктымалдуулугу аз. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!