Чарбак айылында жер көчкү жүрдү

5-Апр. 2017, Шаршемби

Базар-Коргон районунун Чарбак айылында жер көчкү жылып, 4 үй-бүлө көчүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган райондун Могол айыл аймагында 4-апрель күнү саат 09-00 чамасында Чарбак айылынын Улачы тилкесинде көлөмү болжол менен 45000-50000 кубометр жер көчкү жүргөн. Натыйжада 1 турак үйгө жетип токтоп калган. Андан сырткары дагы 3 турак-жайга коркунуч жаратууда.

Түзүлгөн кырдаал менен тиешелүү адистер жеринде барып таанышкан.Ошондой эле алар көчкү коркунучу бар аймактан көчүп чыгуу боюнча тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Көчкү коркунуч жараткан участкасында 1 үй-бүлө коопсуз аймакка туугандарынын үйүнө көчүрүлүп, 3 үй-бүлө зарыл турмуш-тиричилик буюмдарын алып, туугандарынын үйлөрүнө түнөө үчүн чыгарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!