Мыйзамсыз акча ыйгарып алгандар аныкталды

5-Апр. 2017, Шаршемби

Жок адамдардын жана буга чейин бошотулган жумушчулардын атындагы банк карточкаларына эмгек маянасын которуу аркылуу акча каражаттарын ыйгарып алгандыктары аныкталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кызмат адамдарына карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын башкы көзөмөл органы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан түшкөн материалдар боюнча аталган госпиталда уурдоо фактысы боюнча текшерүү жүргүзгөн.

“Текшерүүдө жогоруда белгиленген госпиталдын кызмат адамдары жок адамдардын жана буга чейин бошотулган жумушчулардын атындагы банк карточкаларына эмгек маянасын которуу аркылуу акча каражаттарын ыйгарып алгандыктары аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленген кызматкерлерге карата Кылмыш кодексинин “Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же коротуу”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуу”, “Кызматтык жасалма документ жасоо жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Алдын ала маалыматтар боюнча ээлеп алынган акча каражаттарынын жалпы суммасы 883 миң 746 сомду түзгөн.

Бул кылмыш ишин иликтөө УКМК тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!