6-сентябрь: тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн

6-сентябрь: тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн
5-Сен. 2018, Шаршемби, 15:17

Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, 6-сентябрда айрым аймактарда жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27;

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;

Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27;

Ош облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!