8-сентябрь: тоолуу райондордо кар жаайт

8-сентябрь: тоолуу райондордо кар жаайт
7-Сен. 2018, Жума, 17:41

8-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27 градус.

Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,

Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27,

Ошто түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,

Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,

Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,


Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!