9-сентябрь: күн +32 градуска чейин ысыйт

9-сентябрь: күн +32 градуска чейин ысыйт
8-Сен. 2018, Ишемби, 14:29

9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз жаан себелеп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,

Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,

Ошто түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26 градус.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 27…27 градус.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!