Көчмөндөр оюндары кулачын кенен жайууда

Көчмөндөр оюндары кулачын кенен жайууда
10-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 18:41

8-сентябрда Үчүнчү Дүйнөлүк оюндарынын Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданында өткөн жабылыш аземине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөт өкүлдөрү катышты.

Аземдин жүрүшүндө өкмөт башчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезегин Түркияга өткөрүп берди. Тагыраак айтканда оюндарды өткөрүп берүү аземи өзүнө өзгөчө жөрөлгөнү камтып, аталган оюндардын туусу жана мөңгүнүн суусу куюлган көөкөр Түркиянын туризм жана спорт министринин орун басары Хамза Йерликаяга тапшырылды.

Жабылыш аземде сөз сүйлөгөн өкмөт башчы кыргыздар дүйнөгө өз тарыхын жана маданиятын абдан жогору сыйлаган эл катары таанылганын белгиледи.

“Айрыкча баарыбызды жарандарыбыздын меймандостугу жана патриоттуулугу суктандырды. Биздин элибиз бүгүн мындан дагы ири масштабдуу иш-чараларды өткөрө ала тургандыгын дүйнөгө далилдеди”,-деди Абылгазиев.

Андан сырткары ал Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бүт дүйнө жүзүндө болуп жаткан карама-каршылыктарга карабастан, Жер планетасынын элдерин биримдикке жана жаратмандыкка чакырганын айта кетти.

“Дал мына ушундай иш-чараларда элдердин улутуна, динине, социалдык тегине карабастан, гуманизм, эркиндик жана руханий өнүгүү сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарга болгон умтулуусу жана мүдөөсү ачык көрүнөрүн оюндардын катышуучулары жана коноктору чын дили менен белгилеп кетишти.

Маданият, көркөм өнөр жана спорт – бул саясаттан тышкары өз жолунда элдердин ортосундагы тынчтыктын жана тилектештиктин кубаттуу инструменти.

Жылдан жылга Көчмөндөр оюндары кулачын кенен жайып, өтө популярдуу болуп баратат: 2014-жылы бул оюндарга 7 өлкө гана катышса, быйыл бардык континенттерден 74 өлкө катышып, 10 эсеге өстү. Улуттук спорттун түрү 37ге жетти.

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3 миңге жакын спортчулардын жана катышуучулардын башын бириктирди.

Демек, дүйнө элдери өзүнүн нукура салтын жана улуттук оюндарын таза сактап, бүт дүйнөгө мурунку калыбында тааныткысы келет.

Көчмөндөр оюндарынын эң чоң баалуулугу жана маңызы мына ушунда турат”, - деди ал.

“Кыргыздар дүйнөгө өз тарыхын жана маданиятын абдан жогору сыйлаган эл катары таанылдык”,- деп кошумчалады Абылгазиев.

Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсы жакта өтпөсүн логотиби өзгөрүүсүз, расмий символ катары калаарын Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирген болчу.

Анын айтымында караганда, көчмөндөр оюнун логотибине Кыргызстан ээ болуп эсептелет жана ал патенттелген. Көчмөндөр оюндарын өткөрө турган бардык өлкөлөр бул логотипти колдонууга уруксат сурашы керек болот. Оюндар каякта өтпөсүн, логотиби өзгөрүүсүз калат. Бирок, сырткы бөлүгүн өзгөрткөнгө болот. Ал эми логотип өзү ДКОнун символу бойдон калат.

Үчүнчү ирээт кыргыз жергесинде өткөн көчмөндөр оюнунун өзгөчөлүгү

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде ат оюндары көрсөтүлүп, “Манас” айтылып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү жаңырыды. Аземге Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Татарстан Президенттери, Венгриянын Премьер-министри жана БАЭге караган Фужейра Эмирлигинин мураскер ханзаадасы күбө болушту. Андан сырткары көчмөндөр оюндарынын спорттук оюндарына катышууга 77 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу жана келип катышты.

Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымына караганда, 66 мамлекеттен жана Орусиянын 11 субъектисинен бир жарым миңден ашык спортчу арыз берген. Оюндун программага спорттун 37 түрү киргизилген (Спорттук мелдештер эркектер арасында спорттун 37 түрү боюнча, аялдар арасында 16 түрү боюнча өткөрүлөт)

Ал эми аталган оюндардын катчылыгы билдирген маалымат боюнча, ДКОнун спорттук оюндарына катышууга 79 өлкөдөн 2 миң 300 кайрылуу түшкөн. Расмий чакыруулар 102 өлкөгө жиберилген.

Ошондой эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 549 медаль ойнотулду. Анын 174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло.


Көчмөндөр оюнунун алкагында өткөрүлгөн мелдештердин жалпы жыйынтыгында Кыргызстандын спортчулары башы аягы 103 медал топтоп, медал алган өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Ал эми экинчиликке 72 медалы менен Казакстан жана үчүнчүлүктө Орусия 56 медалы менен орун алды.

Кыргызстанда үчүнчү ирээт өткөн Көчмөндөр оюнун 778 ата мекендик, 58 чет өлкөдөн 550дөн ашык массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырып турушту. Булардын арасынан БиБиСи радиосун, Нью-Йорк таймс агенттигин, СиСиТВ кытай телеканалын, Абу-Даби медиасын, Ал-Жазира прессин, ТАСС, Интерфакс, Анадолу кабар агенттиктери өңдүү маалымат каражаттары көчмөндөр оюнун чагылдырышты.

Көчмөндөр оюнун уюштурууга республикалык бюджеттен 303,1 миллион сом бөлүнгөнүн жана учурда оюнду өткөрүүгө жумшалган каражаттын суммасы эсептелип жатканын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирген.

Маалыматка ылайык, Көчмөндөр оюндарынын байге фонду 20 миллион сом болсо, маданий иш-чараларга жети миллион сом жумшалган. Учурда демөөрчүлөр тарабынан берилген каражат айтыла элек.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында дагы бир катар ири иш-чаралар өткөрүлдү.

Абройлуу эл аралык илимий уюмдардын бири болгон Туруктуу Эл аралык Алтаистикалык Конференциянын “Элдик оюндар жана ага байланыштуу алтай дүйнөсүндөгү каада-салттар” аттуу отуруму өттү.

Ага 16 мамлекеттен 160 илимпоз катышты.

Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин саммитинин өтүшү жылдын олуттуу окуяларынын бири болду. Тактап айтканда, 3-сентябрда өЫсык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Рух ордо» комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өттү. Саммитке Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты.

Андан тышкары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан саммитке ардактуу конок катары катышты.

Саммитте декларацияга кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынды.

Ал эми саммитте кеңештин мурдагы баш катчысы Рамил Гасан кызматын тапшырып, ордуна 59 жаштагы Багдат Амреев бекитилди. Кеңешке жаңы баш катчы болуп бекиталген Казакстандын өкүлү Багдат АмреевТүрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин 2019-жылдагы саммити Азербайжанда өтөрүн белгиледи.

Айта кетсек, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад» амфитеатрында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын ачылыш салтанатында премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев: “Эл аралык эксперттердин рейтинги боюнча, Кыргызстанда өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2018-жылдын үч эң маанилүү окуяларынын катарына киргизилди. Дүйнөлүк коомчулукта мааниси жагынан уникалдуу жана популярдуу деп табылды. Бул Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Көчмөндөр оюндары менен кошо биздин жергебизге, кутман элибизге кут түштү десек болот. Кыргыз жергесинин табияты, каада-салты, үрп-адаты, улуттук колорити менен дүйнө коомчулугу жакындан таанышууда”, – деп билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Ички иштер органдарынын  жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер органдарынын жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер министри Франциянын  элчиси Микаэль Ру  менен жолугушту
Ички иштер министри Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолугушту
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында  күн ачык болот
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
Башкы прокуратура  экс-судья Жаркеевага экинчи кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура экс-судья Жаркеевага экинчи кылмыш ишин козгоду
Чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыккан кийимдерди кийишет
Чет өлкөлүктөр Кыргызстандан чыккан кийимдерди кийишет
Покемондор тууралуу фильм чыкты
Покемондор тууралуу фильм чыкты
​Орусия футбол боюнча курамасы 8 миллион доллар алды
​Орусия футбол боюнча курамасы 8 миллион доллар алды
“Porsche 911”дин официалдуу видеосу жарыяланды
“Porsche 911”дин официалдуу видеосу жарыяланды