Көчөдө сатылган тамак-аштан алты адам ууланды

11-Апр. 2017, Шейшемби

Бишкектин Ош базарында сатылган тамак-аштан алты адам ууланды. Бул туурасында бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте март айынын этегинде жана апрель айынын башында тамак - аштан уулануу фактысы катталган. Экөө тең мыйзамсыз, санитардык абалды сактабай соода кылынган жайдагы тамак-аштан болгон. Анда тигүүчү цехте иштеген 4 киши мантыдан, 1,5 жана 7 жаштагы эки жаш бала самсадан ууланган. Алар аталган тамак-аштарды Ош базарынын айланасында санитардык абалды сактабай саткан жерлерден алышканы маалым болду. Буга байланыштуу самса бышырып саткан жай жабылып, манты саткан кишилер табылган эмес.

Адистер күндүн жылышы менен көчөлөрдө, ачык абада сатылган тамак-аштардан алыс болууга чакырат.

Белгилей кетсек, 7-апрель күнү Таш-Көмүр шаарында бир үй-бүлө (үч кыз жана алардын апасы) консерваланган козу карынга ууланып, ооруканага жаткырылган. Козу карынга ууланган кыздардын ичинен эки кыздын абалы азыркы тапта оор экени айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!