13-сентябрь:бийик тоолорго кар жаайт

13-сентябрь:бийик тоолорго кар жаайт
12-Сен. 2018, Шаршемби, 16:07

13-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23;

Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22;

Ош облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28;

Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 13-сентябрда жаан-чачын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 21...23 градуска чейин жогору болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!