​25-26-сентябрь: тоолуу аймактарда үшүк жүрөт

​25-26-сентябрь: тоолуу аймактарда үшүк жүрөт
25-Сен. 2018, Шейшемби, 14:12

25-26-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көлдө жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда күн ачык болот. Күндүз Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 19…24,

Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24,

Баткенде түнкүсүн 6... 11, күндүз 22...27,

Ош менен Жалал-Абадда, түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болушу ыктымал, күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 22…27 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!