Аскер байкабай өзүн атып алып каза тапты

13-Апр. 2017, Бейшемби

Куралдуу күчтөрүнүн №92843 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер өзүн атып алган. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ 12-апрелде саат 16:00дөр чамасында аталган аскер бөлүгүндө мөөнөттүү кызматтагы Т.А. аттуу аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылып, өзүн атып алган.

“Октон жаракат алган кызматкерге дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Алай районунун аймактык ооруканасына жиберилген. Бирок ооруканага жетпей ал каза болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!