Кыргызстанда тез бүтүүчү үйлөр курула баштады

13-Апр. 2017, Бейшемби

Жеке турак үйгө ээ болуу - ар бир адамдын ички максаты, аруу тилеги. Кыргыздарда муну “Өз үйүң, өлөң төшөгүң” деген терең мазмундуу философия менен эчак эле айткан. Үйгө жетүү үчүн көп убакыт, каражат, ал тургай бүтүндөй бир өмүр да сарпталат. Биздин өлкөдө каражат жагынан каржалып, үйгө колу жетпей келе жаткандардын катары калың. Бирок замандын агымы, мезгилдин талабы менен аз каражатка бат бүтө турган үйлөр табышкерлер тарабынан сунушталууда. Өткөн жылдын күз айынан баштап Кыргызстанда бир ай убакыт аралыгында бүтө турган турак-үйлөрдүн долбоору жайыла баштады. Ал салттуу курулган үйлөрдөн айырмаланып, кыска убакытта бүткөрүлүп, эң негизгиси капчыкка көп күч келбейт.

Балким “кантип эле бир айда өмүр бою эңсеп келген үйгө жетем?” деп ишенбөөңүз мүмкүн. Анан калса элдин аң-сезиминде курулуш ушунча жылда бүтүшү керек, ага кетчү материалдар оор болушу зарыл деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок заманбап курулуш материалдарынын жардамы менен кадимки эле боз үйдүн “түбөлүк” тура турган башка түрүн курдурууга болот.

Аз убакытта үй куруп берүү идеясы кыргызстандык ишкер Азиз Төрөкулов тарабынан демилегенип, учурда “тырмак алды” үйлөрдүн пайдубалы түптөлүүдө. Куруучу үйдүн негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу буларга токтолду:

“Бул практика Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө эчак эле ишке ашырылган. Үй негизинен СИП панель жана ОСПнын жардамы менен тикеленет. СИП панель менен пенополистирол жана эки тарабынан ОСП плитасы менен чапталат. ОСП жана пенополистирол атайын клейдин жардамы менен 18 тонна басымдуулукта жабыштырылат. Үй жер титирөө жана катуу шамал сыяктуу табият сыноолоруна туруштук бере алат. ОСП жыгачка караганда өрткө сегиз эсе туруктуу, кокус үйдө өрт чыгып кете турган болсо, бир саат бою жалындап кетпей “быкшып” тура берет. Кышкысын жылуулукту узак убакыт бою сактап, жайкысын салкын абаны камсыздап берет. СИП панель 1500-1800 тонна салмакты көтөрөт. Тике турган калыбында 15 тонна салмакты көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар”,-деди куруучу.

Анын айтымында, мындай типтеги үйлөрдү куруу тилеги буга чейинки турмуштук практика жана чет өлкөдө иштеп жүргөндөгү тажрыйба сабак болгон.

“Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкекке келип филология факультетине тапшырып, экинчи курска келгенде окуумду уланта албай калдым. Атам каза болуп, апам ооруп, айтор түйшүктүн баары башыма үйүлдү. Ал ортодо үйлөнүп, бала-чакалуу болуп айылда эч ким жок болгондуктан ал жакта жашап калдым. Тиричиликтин айынан Россияга барып, ал жакта айдоочу, эмерек чыгарган цехте, ушундай кыска мөөнөттө үй куруп бере турган фирмада иштеп калдым. Ошол убакта эле бул идеяны мекенимде жайылтам деп максат кылып алдым.

Өзүм Суусамырдын кулуну болгондуктан, сууктун мизин жон терим менен сезип чоңойгом. Анан эмне үчүн кыска убакта бүтө турган, жылуулукту эки эсе жогору кармап турган үйдү курсак болбойт деген ой келди. Адегенде бир жыл бою каражат жоктугунан ишти баштай албай кармалдым. Унаамды сатып, курулуш материалдары үчүн шаймандарды алып, станок жасадым. Кудай жалгап дос-санаалаштарымдын жардамы менен ишти баштап алдык”,-деп кошумчалады Азиз Төрөкулов.

Ал кадимки курулуп жаткан үйдүн түйшүгү менен азыркы курула турган үйдүн “түйшүгүн” төмөнкүчө салыштырды:

“Кадимки эле үйдү кура турган болсок цемент, шагыл, кум тушүрүп, ал иш үчүн уста жалдап, анын акысы, тамак-ашы үчүн бир адам байланат. Тапкандарынын баарын ошол болочоктогу үйгө жумшай берет. Пайдубалды куйгандан кийин кургашын күтөт. Толгон-токой түйшүк менен коштолгон үй күзгө чейин бүтсө бүттү, болбосо кийинки жылга калып кетет. Биз кура турган үйгө болгону бир ай убакыт кетет. Курулуш материал ташуу, уста багуу түйшүгүнөн кутулат”,-дейт.

Эми бул идеяны элдин катмарына жайылтуу иши турат. Өз мүмкүнчүлүгү, өз каражаты менен үй курууга белсенген куруучулардын бири, “АДЕКС интернейшнл” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Таштанбек Байтикеев буга дейре бардык тараптан тиешелүү уруксат кагаздарын алышканын билдирди.

“Биз колдонуп жаткан курулуш каражаттарынын баары тастыктоодон өткөн. Тийиштүү сертификаты бар. Базарда сатылып жаткан эле материал алынбайт. Үйгө кандай курулуш материалы керектеле турган болсо, аны чыгарган завод менен түз иштешебиз. Ал биздин шартка жарайбы, айтор тандап алып анан колдонобуз”,-деди компаниянын башкы директору Байтикеев.

Ишкерлер эки бөлмөлүү чакан үйдөн баштап үч кабаттуу үйлөргө чейин курулат. Үйгө кете турган каражат анын аянтынан көз каранды. Үйдүн бир метр квадраты 100 доллардан башталат. Маселен, үч бөлмөлүү, ашканасы, тазалык бөлмөсү бар үй болжол менен орточо 350 миң сомдун тегерегинде болот. Үй жайгашкан жердин кыртышы сыяктуу бардык критерийлерди эске алып, бир жылдан үч жылга чейин кепилдик берилет.

“Кардар өзүнүн көңүлүнө төп келген үйдүн долбоорун биздин архитектор-дизайнерлерге сунуштайт. Адегенде компьютердин жардамы менен үйдүн графикалык дизайн долбоорун жасап чыгабыз. Алдын ала төлөм бергенден кийин жер участогун көрсөтүп коюшат. Болду. Бир айдан кийин келсе, үй даяр. Эгер кардар кааласа үйүнүн документин юридикалык жактан камсыздап беребиз”,-деди Азиз Төрөкулов.

Куруучулар эң алды бул үйлөр мигранттар, жаш үй-бүлөлөр, мугалимдер үчүн ыңгайлуу вариант экенин айтышып, ипотекага берүү шарттарын да карап жатат. Мындан сырткары болочокто күн нурунан жылуулук ала турган түрүн дагы сунуштоону көздөөдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!