15-октябрь: тоолуу аймактарда кар жаайт

15-октябрь: тоолуу аймактарда кар жаайт
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 11:08

15-октябрда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14

Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;

Таласта түнкүсүн -1...-3, күндүз 7...12;

Ошто түнкүсүн 2...7,, күндүз 13...18;

Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7,, күндүз 13...18;

Баткен облусунда 3...8, күндүз 13...18 градус болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...+2

15-октябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!