17-октябрь; өлкөдө кар жаашы күтүлөт

17-октябрь; өлкөдө кар жаашы күтүлөт
16-Окт. 2018, Шейшемби, 15:32

17-октябрда өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суулуу кар жармашат. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл түнкүсүн 0…-5 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 0…+5;

Нарында түнкүсүн 0…-5 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 0…+5;

Чүй облусунда түнкүсүн үшүк жүрүп, -1…-3 суук, күндүз 0…+5;

Таласта түнкүсүн абанын табы -4…+1, күндүз 0…+5;

Ошто түнкүсүн 0…-2 градуска чейин төмөндөйт, күндүз +4…+9;

Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-2 градуска чейин төмөндөйт, күндүз +4…+9;

Баткен түнкүсүн 0…-2 градуска чейин төмөндөйт, күндүз +4…+9;

Бишкек шаарында кар жаашы мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+3 градус жылуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!