25-ноябрь: көпчүлүк аймакта кар жаайт

25-ноябрь: көпчүлүк аймакта кар жаайт
24-Ноя. 2018, Ишемби, 15:02

25-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймакта кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, айрым аймактарда 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2;

Ошто түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;

Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-2, күндүз 0…-5;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…+1.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!