“Манас” аба майданынына эстакада курулат (эскиз)

19-Апр. 2017, Шаршемби

Эл аралык “Манас” аба майданынын аянты кеңейтилип, эстакада жана көп кабаттуу токтотмо жайын куруу пландалууда. Жетекчилик аэропорттун жаңыртылышы менен каттамдардын катары көбөйөт деп ишеним артууда.

“Манас” аба майданынын башкы директору Эмир Чукуевдин билдиргенине караганда, аэропорттун тышкы көрүнушү атайын витраждык айнек менен жаңыртылат. Аба майдандын аймагы 7 миңден ашуун чарчы метрге кеңейтилмекчи.

Аэропортту оңдоо иштери ушул жылдын жаз айында башталып, аба майдандын өз каражаты жана чет өлкөлүк инвестициянын көмөгү менен ишке ашырылат.

Эскерте кетсек, 6-апрелде “Ош” аэропортунда аэровокзалдык комплекс ачылган.

“Манас” эл аралык аэропорту Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан эски Бишкек аэропортунун ордуна курулган. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен эпостук баатыр Манастын аты ыйгарылган. Аэропортко самолет эң биринчи жолу 1974-жылдын октябрында конгон. 1975-жылы 4-майда аэропортто эң биринчи пландалган рейс Москва-Домодедового болгон. «Манас» аэропорту эски ордунан азыркы жайгашкан жерине 1981-жылы көчүрүлгөн.

"Манас" аэропорту менен эл жашаган пункттун ортосундагы аралык 1,5 чакырым деп көрсөтүлгөн. Аэропортко эң жакын турган Дача, Здоровье, Трикотажник, Су-874, Труд дачалары аэропорттон болжол менен бир чакырым алыстыкта турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!