26-апрель: тоолуу райондордо жаан жаайт

26-апрель: тоолуу райондордо жаан жаайт
26-Апр. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жок. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29,

Талас жана Баткен облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +24...+29,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында +11...+16, күндүз +24...+29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +15...+20,

Нарын жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22,

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градуска ысыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!