Кымыз сезону башталды

28-Апр. 2017, Жума

Жергебизде жылдагыдай эле кымыз ичип дарылануунун сезону башталуу алдында турат. Себеби, илгертеден бээнин сүтү миң ооруга даба делет кыргызда. Мындан улам акыркы жылдары бээ сүтүнүн дарылык касиетине адамдардын ишеним артып бараткандай. Ошондуктан айрым ишкер адамдар жана чабандар үчүн "кымыз" сатуу бизнеске айланган. Анткени, бээ баккандардын айрымдары кымыз сатып, акча табууга аракет кылгандарда жок эмес.

Кочкор районунун тургуну Калыбек Камчыбеков жылда өзүнүн малдары менен Кызарт жайлоосун жайлап, ал жактан бээ байлап, кымыз сатып киреше табат. Бул жылы да аталган жайлоого май айынын башы менен барууну пландап жаткан кези.

Анын айтымына караганда, кымыз кыргыз элинин улуттук суусундугу. Ал негизинен бээнин сүтүнөн, андан сырткары, уйдун жана төөнүн сүтүнөн да жасалат.

«Бээнин сүтү ооруга даба дешет кыргызда. Анткени жылкы баласы жаныбарлардын ичинен анча мынча илдеттерге чалдыга бербеген, чөптүн түрүн тандап жеген жаныбардын бири. Ошондуктан жылкынын сүтүнөн жасалган кымызды кыргыздар баалап барктап ичишкен. Ал эми кымыздын түрлөрү бири-биринен даамы жана өңү менен айырмаланат. Кымызды баалаган, билген адамга бээнин жеген бетегесине жараша суусундук бири-биринен обочолонуп турат», - дейт Камчыбеков.

«Жылкынын сүтүн чийки же саамал кезинде ичкен адамдарга, өзгөчө жабыркап жүргөн адамдардын ден соолугуна өтө пайдалуу болот. Анткени, бышкан кымызга караганда, жылкынын чийки сүтү жабырлануучуларга сиңимдүү болот. Бирок, кымызды ичүүнүн да өз убагы бар. Башкача айтканда, кымызды күчүнө киргенге чейин ичкен жакшы. Кымыздын күчүнө кирип турган убагы май айынын аягынан июль айына чейин болот. Ушул мезгилде кымыз үчү ден соолукка абдан пайдалуу болот. Муну кыргыздар илгертеден кымыздын дарылык касиети үркөр чыгып, чөп каткыча жагымдуу болот деп айтышкан. Ошондой эле биз атайын деле туристтерди кабыл албайбыз. Бир гана бизге саамал ичкени тааныштар келип, ден-соолугун чыңдап кетишет. А негизинен көбүнчө кымыз менен алектенген адамдар келип, сатып алып кетишет. Себеби, базарларда сатылып жаткан кымыздай кылып суу кошпойбуз. Биздин кымыз суу кошулбаган таза кымыз», - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле анын уккан маалыматтына ылайык, бээнин чийки сүтү ашказанды, ичегини тазалап, ооруга чалдыккан организмге жакшы сиңгендиктен анын дарылык касиети да бар экен. Андан сырткары кымыз адамдын табитин ачып, кандын курамындагы холестринди азайтып, аз кандууларга, анемия дартынан азап тарткандарга жана ооруларына чалдыккандарга жакшы жардам берет экен.

Айта кетүүчү нерсе, Кыргызстанда акыркы учурда кымыз менен дарылануу ыкмасы кеңири жайылууда. Бирок аны кайсы дартка кандай өлчөмдө, канча убакыт ичүүнү эч ким так билбейт.

Белгилей кетсек, кымыз тууралуу алгачкы маалыматты байыркы грек тарыхчысы Геродот (биздин заманга чейинки 484-424-жылдар) жазган. Ал скифтердин турмушун баяндап жазып, алардын жакшы көргөн ичимдиги терең жыгач челекте бээнин сүтү менен жасалган өзгөчө бир суусундук алышат деп жазган. Геродотко ишенсек, скифтер кымыздын жасалуу жолун билип калгандардын көздөрүн сокур кылып салышчу экен. Ошондой эле кымыздын сүрөттөөсүн байыркы орус жылбаянында- Ипатьев тизмесинде да жолуксак болот. Кымыз тууралуу кеңири маалыматты француз монахы жана 13-кылымдын миссионери Гийом де Рубрук жазган. Өзүнүн "Татарияга" кылган саякатын айтып берип жатып, биринчи жолу кымыздын жасоо жолун, даамын жана анын таасирин сүрөттөгөн. Ал эми кымызды биринчилерден болуп байыркы казак жана моңол талааларындагы көчмөн эл энеолитте жазап баштаган (5500 жыл мурда). Көчмөн эл кымыз жасоонун жолун жашырып келишкен. Кымыздын эң биринчи колдонуунун издери энеолит эпохасына таандык. Суусамыр өрөөнүндө, ат үйрөтүүчү жабдыктардын арасында бээнин сүтүнүн калдыктары менен, эчкинин терисинен жасалган чанач табылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!