​Туристтерди кабыл алууга даярдык кызуу

28-Апр. 2017, Жума

Кыргызстанда жайкы туристтик сезондун ачылышына саналуу гана күндөр калды. Тактап айткан он күн. Ага карата өлкөдө туристтик сезондун ачылышына даярдыктар кызуу жүрүүдө. Туристтердин басымдуу бөлүгү Ысык-Көлдөн эс алгандыктан өкмөт көлгө жол, коопсуздук, экология, даараткана сыяктуу маселелерди чечүүгө киришти.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов 2017-жылдарга жайкы туристтик сезонго даярдыктар тууралуу буларга токтолду.

-Туристтик сезонго даярдыктарды көрүү тууралуу бардык малекеттик органдарга план иштелип чыккан. Биринчиден, коопсуздук маселеси боюнча көп айтылып жатат. Быйыл жылдагыга салыштырмалуу милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө коопсуздукту камсыздоодо көп тартылат. Май айынан тарта Ысык-Көл аймагындагы курорттордо, эс алуучу жайларда, пансионаттарда паспортизация иштери башталат. Ал бир айга созулат. Мында эс алуучу жайлардын абалы, санитардык нормалардын сакталышы, тамак-аш секторунун даярдыгы текшерүүгө алынат. Анын жыйынтыгын сиздерге маалымдайбыз. Бизде көйгөйлүү маселелердин бири даараткана маселеси. Бул маселени чечүүдө өкмөт башчы тараптан бизге тапшырмалар берилген. Бизде дааратканаларды салуу оңой. Аны карап, алып кетүү кыйын экен. Мындан улам Ысык-Көлгө туристтер үчүн беш борбор салынат. Алар жолдун бойлоруна орун алып, мында туристтер үчүн маалымат борбору, кофе ичүүчү жай, дүкөн, анан даараткана болот. Атайын борборду курууга каражат бөлүнгөн.

Туристтик жармаңкелердеги ийгиликтер

Туристтерди Кыргызстанга тартууда жарнаманын орду чоң эмеспи. Бул жаатта Туризм департаменти дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө орун алган туристтик жармаңкелерге үзбөй катышып, байгелүү орундарды алып кайткан.

- Январь айынан тарта чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн туристтик жарманке болуп жатты. Алгачкы жолу Мадрид өлкөсүндө болгон туристтик жарманкеге расмий катышууга мүмкүнчүлүк алдык. Андан кийин Түркиянын Стамбул шаарында жарманкеде уюштуруучулук чеберчилигин жакшы өткөргөндүктөн байгелүү орунга ээ болдук. Көпчүлүк өлкөнүн туроператорлору заманбап туристтик потенциалын көргөзүүгө умтулушат. Биз болсо этникалык көргөзмөнү тандап алып, кайсыл жакта жарманке болбосун боз үйдү алып бардык. Эл жакшы кабыл алып, кызыгууну жаратып биздин туроператорлорго кызыктырган суроолорун берип жатышты. Москвада дагы байгелүү орунду алдык. Мындайча айтканда Кыргызстанга жайкы туристтик сезонго чет өлкөлүктөрдү тартууда маркетинг жаатында көп иштер жасалды. Ал эми Кыргызстандын туристтик сайты ишке кирип ал жерге кирген көрүүчүлөрдүн агымы өсүп жатканы байкалууда. Мындан тышкары туристтерге ыңгайлуу жол маселесин чечүү жаатында «Манас» эл аралык аэропорту менен тыгыз кызматташып жатабыз.

Майдан тарта эс алуу жайлары текшерилет

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Максат Оморовдун айтымында, 1-майдан тарта Кыргызстандагы пансионаттарда, эс алуучу жайларда экологиялык жана техникалык жактан текшерүү башталат.

- Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 221 саркынды сууларда тазалоочу курмалар бар. Алардын ичинен Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында 193 эс алуу жайы ишмердүүлүк жүргүзүп, анын ичинен 111нин саркынды сууларды тазалоо курулмалары бар. Өткөн жылы Ысык-Көлдө 12 эс алуу жайлары саркынды сууларды тазалоочу курулмалары талапка жооп бербегендиктен ишмердүүлүгү токтотулган. Быйыл туристтик сезондун өтүү үчүн энергетикалык көзөмөл чөйрөсүндө төмөнкү иштер аткарылууда. 1. Жергиликтүү айыл өкмөт башчылары экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатында иштердү жүргүзүү боюнча 7 пунктан турган протоколдук тапшырмалар берилди. Пансионаттардын, эс алуучу жайлардын жетекчилерине экологиялык, техникалык коопсуздук камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди. Май айынан тарта Кыргызстандагы туристтерди кабыл алуучу бардык курорттор, эс алуу жайлар жана коомдук туристтик жайлар инспекторлор тарабынан текшерилет. Экологиялык талапты аткарбагандарга туристтерди кабыл алууга уруксат берилбейт.

Ч.Султанбекова: “Туристтик сезонго даярдык көрүүдө план бекитилди”

Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргызстанда 2017-жылдагы жайкы туристтик сезонго даярдык боюнча план бекитилгенин, туризм жаатында бир катар иштер жүрүп жатканына токтолду.

“Туризм – бул өлкө экономикасындагы приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат. Биздин өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, бул тармакты өнүктүрүп, эс алуучуларга сапаттуу жана мыкты тейлөө көрсөтүүбүз керек. Акыркы кезде бул багытта көп иштер аткарылды, алдыда дагы ишке ашыра турган бир нече пландар бар. Биз жайкысын Ысык-Көлдөгү туризмге гана басым жасабастан, экстремалдык, спорттук, маданий-таануучулук, ден-соолукту чыңдоочу багыттары туризм тармагын өнүктүрүүнүн үстүнөн иштейли. Бул багытта жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары туроператорлор менен бирге активдүү иш алып барышы керек. Аны менен бирге жакынкы өлкөлөрдөн жана алыскы чет мамлекеттерден туристтерди тартуунун үстүнөн иш алып баруу зарыл»,-деди Султанбекова

Туристтер үчүн бир катар авиакаттамдар ишке кирет

Жол маселеси демекчи Транспорт жана жолдор министрлиги Кыргызстандагы жайкы туристтик сезонго карата, айрыкча Ысык-Көлгө эч алууга бара турган туристтер үчүн бир катар авиа каттамдарды ачмакчы.

- Жыл сайын Алматы-Тамчы авиа каттамын казакстандык авиакомпания чартердик рейс менен Ысык-Көлгө жеткирүүдө эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп келет. Бул жылы дагы ачылмакчы. Мындан тышкары россиялык авиакомпания Новосибирск-Тамчы каттамын ишке киргизет. Май айында Кыргызстан менен Өзбекстандын авиациялык бийлик өкүлдөрү ортосунда эки тараптуу жолугушуулар өтөт. Анда эки өлкө ортосунда “Ысык-Көл” аэропортуна өзбекстандык авиакомпания менен туристтерди ташуу боюнча сүйлөшүү жүрмөкчү. Мындай сүйлөшүүлөр тажикстандык, кытайлык жана латвиялык авиакомпаниялар арасында жүрүүдө. Ошондой эле Бишкек-Пекин, Бишкек-Шанхай авиа каттамдары ишке кирет. Авиа каттамдары ачуу боюнча Кытай тарап макулдугун берген. Май айынын аягында, июнь айынын башында аталган багыт боюнча туристтер каттай баштамакчы.

Туристтик сезон 6-майда ачылат

Жайкы туристтик сезон Ысык-Көлдө 6-7-майда салтанаттуу түрдө ачылып, эл аралык туристтик жарманке өтмөкчү. Ысык-Көлдөгү курорттор ассоциациясынын президенти Лира Батырбекова айтымында, Кыргызстандагы ички жана сырткы туризмди өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн эл аралык жарманке Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда саат 10:00дө башталат.

- Бул иш-чара ушуну менен 2чи жолу өтүп жатат. Жылдан жылга бул иш-чарага катышууну каалагандардын саны өсүп жаткандыктан, чет өлкөдөн дагы коноктор келишмекчи. Алсак, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея жана Европа биримдигине кирген мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Жармаңке учурунда кайрымдуулук концерти өтөт. Анда белгилүү ырчылар өз өнөрүн тартуулайт. Иш-чарадан чогулган акча Ысык-Көл облусундагы балдар үйлөрүнө жумшалат. Мындан тышкары Туризм департаменти тарабынан уюштурулган “Салам Ысык-Көл-2017” фестивалы, көргөзмө, «Салбуурун» боюнча фестиваль болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!