4-май: айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт

4-Май 2017, Бейшемби

Бүгүн, 4-майда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын жок, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорундо жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорго кар түшөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кырызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27;

Баткен дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20;

Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22 градуска чейин жылыйт.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +24...+26 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!