Базарда көчөттүн баалары кандай? (Фото)

10-Май 2017, Шаршемби

Жаз мезгили аяктарына аз калса да, Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы көчөт базарында соода кызуу уланууда. Бул базарда 100дөн ашуун соодагер эмгектенет. Алардын көпчүлүгү Чүй жана Ысык-Көл облусутарынан соода кылуу үчүн эрте жазда эле келишкен.

Аталган көчөт базарындагы соодагерлер быйылкы жазда соода жакшы жүрүшүп жатканын кабарлашты. Сатыкка жаш көчөттөр жана гүлдөрдүн түрлөрү коюлган. Мында эң арзаны кожогат көчөтү, анын ар бир даанасы 10-20 сомго чейин тапса болот. Андан сырткары шабдалы, алмурут, эки жылдык алма көчөтү 100-150 сомго бааланууда. Ошондой эле помидор көчөтүнүн түрүнө жараша 25-30 сомго, бадыраңдын көчөтүн 15-20 сомго, малинанын көчөтүн 10 сомго чейин тапса болот. Ал эми жүзүмдүн көчөтү болсо 300 сом болууда. Кызыгы, базарда көчөт эле эмес, топурактан баштаган көчөттүн дарылары жана багбандардын эмгек куралдары да сатылат.



Ысык-Көл облусунан келген багбан Канаттын айтымында, ал жыл сайын Бишкектеги көчөт базарларына көчөттүн түрүн алып келип сатат.

«Мен алма, алмурут, өрүктүн көчөттөрүн 150го чейин сатып жатам. Ак кайың жана кайың көчөттөрүн 150-200 сомдун тегерегинде сатам. Ал эми мажүрүм тал 150 сомго бааланат. Андан сырткары карагаттын бир түбүн 200 сомго сатуудамын. Анткени, бул карагаттын түрүн Европадан алдырткам. Анын өзгөчөлүгү мөмөлөрү мөндүрдөй чоң-чоң болот. Ошондой эле терек көчөттөрдүн 2 метрлиги 10-15 сом, ал эми 5 метрликтери 20-30 сомго чейин сатууга болот. Андан сырткары кара жыгач көчөтү 200 сомдон 250 сомго чейин сатылат. Ал эми арча менен балатынын 1-1,5 метрге чейинкилери 2,5-3 миң сом болсо, андан чоңураактары 10 миңге чейин деп жатам. Бирок, акыркы 2 жуманын ичинде арча менен балатынын көчөттөрүн отургузуунун сезону бүтөт. Башкача айтканда, бул көчөттөрду он күндөн кийин отургузуу кеч болуп калат», - деди сатуучу Канат.

Көп жылдан бери гүлдүн көчөтөрүн сатуу менен алектенген Чүй облусунун тургуну Бакыт Багышовдун айтымында, гүл өстүрүүгө кызыккан адамдар быйыл көп. Ал өзүнүн күнөсканасында гүлдүн түрлөрүн өстүрөт.

"Жаздан бери соода жакшы болууда. Кудайга шүгүр. Былтыркы жылга караганда быйыл гүл өстүрүүгө кызыккан адамдар көп. Бир гана Бишкектиктер эле эмес, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусунун булуң бурчунан келгендер кандай «гүл айдайлы дедик эле, кандай гүлдү айдасак болот?», -деп көп кайрылышууда. Бул жакшы көрүнүш. Биз аларга географиялык жайгашкан жерине жараша кандай гүлдү айдаш керектиги боюнча маалымат берүүдөбүз. Анткени, мындан эки жыл мурда Нарын облусуна май айынын аягында гүл алып барып саттым. Ал жак тоолуу район болгондуктан кээ бир гүл сууктан үшүп кетет экен. Ошондуктан биз ар бир аймактын климатына жараша кардарларга гүл сунуш кылуудабыз. Мисалы, менде эң арзан гүлдү 20-30 сомго чейин тапса болот. Орточо гүлдүн баасы 40-60 сомго чейин. Эң кымбаттары 150 сом. Булар роза жана лилия гүлдөрү»,- дейт Багышов.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!