20-май: айрым жерлерде өткүн өтөт

19-Май 2017, Жума

Эртең, 20 майда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26;

Талас дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл жергесиндедө түнкүсүн +4...+9, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +17...+22;

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +23...+25 градуска чейин жогору болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!