Президенттин “Энекем” аттуу ыры жарык көрдү

22-Май 2017, Дүйшөмбү

Кыргызстанда май айынын акыркы жекшембиси - Энелер күнү катары белгиленип келет.

Быйылкы жылы бул майрамга карата президент Алмазбек Атамбаев “Энекем” аттуу ыры менен өлкөдөгү жалпы энелерди адаттан тыш куттуктады.

Автордун аткаруусундагы ыр 20-май күнү интернеттеги YouTube каналына жарыяланып, кыска убакыт аралыгында эле миңдеген көрүүчүлөр көрдү.

Өлкө башчысы буга чейин өзүнүн аткаруусундагы “Кыргызстаным”, “Судьбе назло” "Я не могу без тебя жить", "Мне не страшно умирать", жана "Нелепые слова" ырларын ырдаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!