24-май: кээ бир райондордо жаан жаайт

23-Май 2017, Шейшемби

Эртең, 24-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши көтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +21...+26;

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачындын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. 25-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттө жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 26-майда кыска мөөнөтө жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши көтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +26...+28 градуска чейин ысык болот.

Ал эми 25-майда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши көтүлөт. 26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!