30-май: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

30-Май 2017, Шейшемби

Бүгүн, 30-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +19..+24;

Талас аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз +18...+23;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +23...+38;

Баткен дубанында түнкүсүн +14...+19, күндүз +22...+27

Ысык-Көл жергесиндедө түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +29...+31 градус жылуу болот.

Ал эми 31-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. 1-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!