1-июнь: кыска мөөнөттүү жаан жаайт

1-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүн, 1-июнда тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28;

Талас аймагында түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +17...+22;

Бишкек шаарында 1-3-июнга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +25...+27 градус жылуу болот.

Ал эми 2-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 3-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!