Учак кырсыгы: психологиялык жардам бир күндүк эмес

03-02-2017

Дача айылындагы авиакырсык болгон алгачкы сааттарда куткаруучу, милиция, дарыгерлерден сырткары, психологдор да ишке тартылган. Кырсыкта жакынын жоготуп, үй-жайынан ажырагандардын, окуяга күбө болгондордун психологиялык абалы акырындык менен ордуна келип жатат дешет адистер. Бирок коркуу сезимдери калып калбашы үчүн реабилитациялык иштер улантылышы керек.


Дача конушунун 35 жаштагы тургуну Наргиза Бечелованын айтымында, ошол күнү эки кызы эрте менен мектепке баратканда тарс этип жарылган үндөн чоочуп, жерге жата калган. Шок абалында мектепке барып келип, келгенден кийин да кошуналарынын кайгысы менен жүрүп, кыздарга маани бербегенин айтат.
“Эки күндөн кийин эле 5-класста окуган кызым басып баратып эле заара ушатып коюп атам деди. Дароо эле мобилдик клиникага алып барып көргөздүм. Алар энурез деген диагноз коюп, Сокулукка ооруканага жиберишти. Кызым ал жакта беш күн дарыланып чыкты. Азыр абалы жакшы. Өзүмдүн беш балам бар. Түнкүсүн чочуп ыйлашат. Уктап жаткан жеринен тура калып эле сүйлөшөт. Алгачкы күндөргө караганда азыр абалдары ортодон жогору. Жакшы жагына жылыш бар. Бирок психолог адиске көрсөтө албадым”,-деди Бечелова.



Ырысалиева: “Элдин жан дүйнөсү толук тынчтана элек”

Айыл элине медициналык, психологиялык жардам бериш үчүн айылда мобилдик клиника уюштурулган. Кайрылгандардын дээрлик көпчүлүгү кан басымы жогорулап, шок болуп, жардам сураган.


“Мобилдик клиника биринчи күндөн баштап эле иштеп атат. Окуядан бери 400дөн ашуун адам кайрылды. Алардын көпчүлүгү кан басымы жогорулап, шок абалында болуп, уктай албай жатабыз, көзүбүздү жумсак, ар кандай коркунучтуу нерселер көрүнүп жатат деп айтышты. Мобилдик клиникада психолог, психиатр, терапевт, кардиолог, педиатр, үй-бүлөлүк дарыгерлер иштеп жатышат. Азыр эми эл тынчтанып, өздөрүнө келип, кайрылгандар азайып калды. Ошентсе деле эл кейип-кепчип, жан дүйнөлөрүндө тынчтануу толук орун ала элек”,-деди Чүй облустук ооруканасынын мобилдик клиникасынын медициналык координатору Бурул Ырысалиева.


Коркуунун таасири кийин билиниши мүмкүн

Анткен менен айыл элине жардам берүүдө кыргыз тилдүү психологдордун таңкыстыгы жаралды. Ош шаарынан атайын психологдор келип, борбордогу кесиптештери менен биргеликте кайгыга баткан элге жардам беришкен. Алардын бири психолог Акчач Жолдошова кыргыз тилдүү психологдордун “ват сап” группасы түзүлүп, керектүү маалымат, кеңештер берилип жатканын билдирди.

Жолдошованын белгилешинче, айыл элине, өзгөчө жаш балдарга узак убакыт бою үзгүлтүксүз психологиялык жардам берилиши керек. Антпесе, кырсык учурундагы коркуу сыяктуу сезимдердин кесепети кийин билиниши мүмкүн.

“Адегенде эле учак сүрүп кеткен катар үйлөрдүн жанындагы үйлөргө жардам бердик. Биринчи эле үйдө бир эженин 14 жана 8 жаштагы эки кызы бар экен. Экөөсү тең аябай коркуп калган. Улуу кыз катуу коркконунан депрессиялык абалга жетип калган. Ал кыз менен сүйлөшүп олтурганда кырсыкта каза болуп калган бир кыздын досу экенин айтты. Ал кыз түнү уктап жатсам да, күндүзү көзүмдү жумсам да Мадина (каза болуп калган кыз) көзүнө көрүнө бере турганын айтты. Бул кызга узак убакыт бою реабилитация жүргүзүлүшү керек. Так ушунча мөөнөт ичинде толугу менен арылат деп айта албайбыз. Бул деген балдардын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Активдүү, холерик балдар үч айда арылса, меланхолик балдар үчүн балким бир канча жыл керектелет”,-деди Жолдошова.


Жолдошова: “Жаш балдарга көбүрөөк мээрим керек”


Окуяга күбө болгон жашы улуу кишилер өзүндөгү күч-аракет, билим тажрыйбаларды колдонуп, сабырдуу болууга аракет кылганы менен, жаш балдарга өзгөчө көңүл буруу керек.

“Айылдагы элдин баарына жардам керек. Окуяны уккан адам дагы таасир алган. Ал эми көзү менен көргөндөр андан бетер. Ал жердегилерди жаш өзгөчөлүктөрүнө бөлүп алып, психологиялык бирдиктүү маалыматтар базасын топтоп, балдар менен өзүнчө арт терапия өткөрүү керек. Балдарга жайкы лагерлерди уюштуруу зарыл. Жаш балдарды кучактап, жакшы көрүп, жалгыз калтырбай мээрим төгүшүбүз керек. Кошо уктап, мээримдүү мамиле кылуу аркылуу аларды бул абалдан чыгара алабыз. Ошондо алардын коркунучтары азаят. Апаларга өзүнчө тренинг өтүү керек. Мындан сырткары, биз айылдагы активдүү аялдарга “Бири-бириңерге көңүл айтканы барганча, ошол жерде бири-бириңерге сабыр тилеп, тигиндей же мындай кылалы деп баарлашкыла”,- деген сунушубузду бердик. Ушундай жол менен улуу кишилер бул кырдаалдар чыкса болот. ”,-деп кошумчалады.

Адистер психологдор да көрсөткөн жардамы натыйжалуу болушу үчүн бат-баттан окуп турушу керек деп эсептешет. Бул жаатта иш алып барып жаткан психологдор негизинен эл аралык уюмдардын көмөгүнө муктаж. Өкмөт, билим берүү министрлиги да кол кабыш кылса деп коңгуроо кагууда.

Назгүл Бостонбаева

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!