Изилдөө: ысык-көлдүктөр кирешени эң көп табат

7-Июнь 2017, Шаршемби

Адамдын өнүгүүсүнүн эң жогорку көрсөткүчү Ысык-Көл облусунда катталган. Бул тууралуу Кыргызстандагы соода жана адамдык өнүгүү тууралуу улуттук докладында айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, эң төмөн көрсөткүч Нарын облусунда болуп, өнүгүүнүн индекси 0,634 түзөт. Калктын жыш жайгашуусу боюнча биринчи орунда Жалал-Абад обулусу турат.

“Ошондой эле эң сабаттуу калк Чүй облусунда жашайт. Сабаттуулуктун эң төмөнкү көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда экендиги аныкталган. Ал эми эң бай жашаган калк Ысык-Көл облусунда. Анда кирешенин жалпы көрсөткүчү 0,589ду түзөт”,- деп айтылат жогоруда аталган докладдагы маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!