13-июнь: айрым жерлерде жаан жаайт

13-Июнь 2017, Шейшемби

Бүгүн, 13-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+30;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +0...+5, күндүз +10...+15;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 15-июнда жаан-чачын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +28...+30 градус ысык болот.

Ал эми 14-июнда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 15-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!