14-июнь: айрым аймактарда жаан жаайт

14-Июнь 2017, Шаршемби

Бүгүн, 14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33;

Талас аймагында түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 14-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +30...+32 градус ысык болот.

Ал эми 15-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 16-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!