Кабаевадай болууну кыялданган Алина

14-Июнь 2017, Шаршемби

Россиянын Перм шаарында жашаган кыргызстандык Азамат Мусабеков 9 жаштагы Алина аттуу кызына өз алдынча бий өнөрүн үйрөтүп келет. Бул тууралуу «ZAMAN.kg» сайтына талантуу жаш кыздын апасы Айгүл Осмонова билдирди.

Апасынын айтымына караганда, алар Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынан болушат. Учурда алар Перм шаарында жашайт.

Ал эми дал ушул үй-бүлөнүн талантуу кызы Алина азыркы тапта өзүнүн бийи менен интернетти таанымал болуп жаткан кези.

«Кызыма бийлегенди атасы үйдөн үйрөтөт же Алинанын машыктыруучусу атасы десек да болот. Андан сырткары кызыбыз 2 жылдан бери көркөм гимнастикага барып жатат. Анткени, атасы менен кызым Россиянын гимнастика боюнча белгилүү спортчу айымы Алина Кабаевадай болушун каалайт», - деди Айгүл айым.

«Ошондой эле гимнастика боюнча таанымал спорчулар кызыбызды өз тобуна кошуп алабыз десе, кызыбыздын макулдугу менен биз жибермекбиз», - деп кошумчалады жаш талантуунун апасы.

Айта кетсек, Алина быйыл Перм шаарындагы мектептердин биринде 2-классты бүтүргөн. Ал 5 жашынан бери өз алдынча бийлегенди үйрөнүп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!