19-июнь: 37 градус ысык болот

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 19-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35;

Талас аймагында түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36;

Баткен аймагында түнкүсүн +17...+22, күндүз +32...37;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +24...+29;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +32...+34 градус ысык болот.

Ал эми 20-июнда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. 21-июнда кээ бир тоолуу райодордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 23-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!