21-июнь: тоолуу райондордо жаан жаайт

21-Июнь 2017, Шаршемби

Бүгүн, 21-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөй. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +28...+33;

Талас аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +25...+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30;

Бишкек шаарында 21-22-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +31...+33 градус ысык болот.

Ал эми 22-июнда тункүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 23-июнда тункүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!