Кыргызча сүйлөгөн куурчактар: Касым менен Арууке

27-Июнь 2017, Шейшемби

Кыргызстанда алгачкы жолу ата мекендик өндүрүштөн кыргызча сүйлөгөн оюнчук куурчактар чыга баштады.

Идеянын автору, негиздөөчүсү Канат Жаныбеков "Aruu toys " деп аталган фирмалык эн белги менен куурчактарды чыгарып, жаш балдардын өз эне тилинде сүйлөөсүнө көмөктөшөт деген ишенимде экенин билдирди.

“Кыргызча сүйлөгөн куурчактарды чыгаруу идеясы «Керемет көч» мульфильминен кийин пайда болду. Балдарым Актан менен Акылайды абдан жакшы көрүшөт. Алар Актан менен Акылайга окшош куурчак сатып бер дегенинен, издеп тапкан эмеспиз. Ошондон улам озубуз жасап көрөлү деп балдарыбыздын каалоосунан улам ушул идея жаралып, ишке аша баштады”,-деди Канат Жаныбеков.

Автор адегенде үч ай мурда куурчактарды аз санда чыгарып, коомчулук кандай кабыл аларын күткөн. Куурчактар тууралуу жакшы ой пикир, сунуштар көп болгондуктан массалык түрда чыгара баштады.

“Куурчактар полиэстер деген кийизден жасалат. Ал туруктуу келип, суу тийсе да эч нерсе болбойт. Лабораториядан өтүп, сапатын тастыктаган сертификаты бар. Азыркы эле биздин жергиликтүү өндүрүштөн чыгып жаткан кийимдердин эле материалы колдонулат. Бул материал дүйнө жүзүндө кеңири пайдаланылат. Жумшак оючуктар ушул материалдан жасалат”,-деди ал.

Куурчактагы бала Касым, кыздын аты Арууке жаш достору менен сүйлөшөт.

Касым болсо – салам досум, менин атым Касым деп өзүн тааныштырып, кайра эле сенин атың ким деп сурайт. Чоңойгондо учкуч болгусу келерин айтып, досунан ким болгусу келерин сурап, айтор ортодо диалог түзгөнгө аракет жасайт.

Арууке болсо бийлегенди жакшы көрөрүн айтып, “Кара жорго” музыкасына бийлейт.

Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан куурчактар бир жума аралыгында калаадагы соода түйүндөрүнө жеткирилип, сатыла баштайт. Долбоордун автору Канат Жаныбеков келечекте куурчактар жаш балдарга тамга үйрөтө турган моделин иштеп чыгуу планы бар экенин ортого салды.

“Жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Маселен, Касымдын кулуну болот. Куурчактарга жаныбарларды да кошуп чыгарабыз. Андан сырткары сентябрь айынан баштап тамга тааныта турган сүйлөтө баштайбыз. А – алма, б – булут сыяктуу”,-деди ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!