Эрлан Асангожоев: "Адамдарга жардам бергим келди”

29-Июнь 2017, Бейшемби

Адам баласы турмушта бет келишкен түрдүү жагдайларда түрдүүчө жооп беришет. Кай бирлери сыноодон сынып кетишсе, кай бирлерин сыноо кайра чыйралтат. Биздин бүгүнкү каарманыбыз мындан 10 жыл мурда авто кырсыктан улам баспай калып, көп жыл бою ордунда жатып өзүндөй абалга туш болгон замандаштарына жок дегенде жеңил болсун деген максатта көп кызмат аткара турган медициналык керебетти биринчилерден болуп ойлоп таап, ишке ашырган жеке ишкер Эркин Асангожоев.

Эрлан Асангожоев кырсыктан кийин өз аягы менен баспай калган учурдагы кыйынчылыктар, керели кечке бир орунда олтуруунун азабын өз башынан кечирип жатканда, жарым жан болуп калган адамдарга жардам берүүнүн жаңыча ыкмасын ойлоп таап, аны ишке ашырганына бир жылдан ашты.

Айтмакчы жеке ишкердин бул ойлоп табуучулугу өткөн жылы “Аракет 2016” сыйлыгын жеңип алган.

“Идеяны ойлоп тапкандан кийин ишке ашыруу оңой болбоду. Азыр деле иштеп тапкан акчабызды кайра эле керебетке кете турган инструменттерди алууга жумшайбыз. Көп нерсе жетишпейт. Полимер боегун берүү башка жактан жасалат. Келечекте өзүбүз боек бере турган меш куруп, башка инструменттерди, станокторду алабыз деп ниеттенип турабыз”,-деди ишкер Асангожоев.

Керебет темирден жасалып, баш жагын, аяк жагын, ортосун көтөрүүгө ыңгайланган. Аны стол абалына келтирип тамак ичсе да болот. Керебетке керектеле турган темир материалдар Россиядан алынса, баш жагын, аяк жагын көтөрө турган инструменттери Кыдайдан алынып келинет. Матрацтары жергиликтүү өндурүштөн чыгарылат.

Кыргызстанда алгачкы жолу ата мекендик өндүрүштөн чыккан керебеттерге өңчөй жеке медициналык клиникалар, гемодиализ борборлору буюртма берип алдыртышат. Алардын катарында инсульт алгандар, оор абалда төшөктө жаткан жеке адамдар да бар. Керебет электр тогунун жана кол эмгеги менен кыймылдай турган эки түрдө жасалат.

Ишкердин бул идеясын ишке ашырууга Рустам аттуу досу жардамга келген. Учурда цехте үч киши иштейт. Бир жылдан бери 70 чакты керебет жасалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!