4-июль: Бишкекте температура +40 градуска жетип калды

4-Июль 2017, Шейшемби

Бүгүн, 4-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16...+21, күндүз +32...+37;

Талас аймагында түнкүсүн +13...+18, күндүз +31...+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35;

Баткен аймагында түнкүсүн +18...+23, күндүз +31...+36;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +25...+30;

Бишкек шаарында 4-6-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +35...+37 градус ысык болот.

Ал эми 5-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 6-июлда кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!