11-июль: айрым аймактарда гана жаан жаайт

11-Июль 2017, Шейшемби

Бүгүн, 11-июлда тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35;

Талас аймагында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +22...+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27;

Бишкек шаарында 11-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +33...+35 градус ысык болот.

Ал эми 12-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 12-июлда күндүз жана 13-июлдарда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!