Доула: кош бойлууну коштоп жүрчү кесип

12-Июль 2017, Шаршемби

Кыргызстанда соңку бир жылдан бери кош бойлуу аялдарды эки кат болгондон баштап төрөгөндөн кийинки убакка чейин кам көрүүчү доула кызматы иштей баштады. Кыргыз коомчулугуна жаңыдан кирип жаткан доула деген эмне, кандай кызматтарды аткарат?

Кыргыздарда илгертен бери эле эмчи-домчу аялдар кош бойлуу келиндин ичиндеги баласын жеңил көтөрүүсүнө, төрөтү оңой болуусуна жардам берип келишкен. Демек, доула кызматынын өзөгү илгери эле калыптанган. Болгону азыркы учурда бул кызмат башка элден кирген термин менен кош бойлуу аялдарга заманбап кызмат көрсөтө баштады.

Жамилия Уметалиева

Учурда Бишкекте бул жаатта иш алып барган төрт кызматкер бар. Алардын бири, доула кесибинин ээси Жамиля Уметалиеванын айтымында “доула” терминин грекчеден которгондо “кызмат” деген түшүнүктү билдирет. Ал бул кесипке ээ болуу үчүн атайын курстан өткөн. Айтымында унутта калып бараткан бул кызмат замандын өзгөрүшү менен жаңы нукта кайрадан жандана баштады.

“Мен бул кесипке ээ болуу үчүн атайын курста окудум. Шаардык жашоо образын тандап алган азыркы муундун өкүлдөрү арасында бул кызматка суроо талап бар экенин байкадым. Биз аялдарды кош бойлуулуктун бардык этабында: кош бойлуу кези, төрөт учуру жана төрөттөн кийинки убакта эмоционалдык, психологиялык жактан жардам беребиз. Жеңил укалоо ыкмасын колдонуп, маалыматтык көмөк көрсөтөбүз. Көпчүлүк аялдарда кош бойлуу кезинде көрүнбөгөн коркунуч коштоп жүрөт. Мына ошол тушап турган коркуу сезиминен арылуусуна көмөк көрсөтөбүз”,-деди.

Эмчилик - медициналык билими жок кишилердин илимий негизделбеген ыкмалар менен дарылоо жүргүзүүсү катары сыпатталат. Доула кесиби деле ушул сыяктуу, кош бойлуу аялдарга медициналык жактан аныктама берип, кайсы бир дарыны ичүүнү сунуштабайт. Төрөт учурунда өнөктөш катары катышат.

Доула кесибин аркалагандар бул кызматтын келечеги кең деп ишенишет.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!