14-июль: аймактарда жаан жаашы күтүлөт

14-Июль 2017, Жума

Бүгүн, 14-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28;

Талас аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +26...+31;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында 14-15-июлда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +26...+28 градус ысык болот.

Ал эми 15-июлдарда жана 16-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 16-июлда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!