21-июль: айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт

21-Июль 2017, Жума

Бүгүн, 21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 чейин метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +30...+35;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +25...+30;

Бишкек шаарында 21-23-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +32...+34 градус ысык болот.

Ал эми 22-июлда жаан-чачын болбойт. 23-июлда тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!