Кыргызстанда беш айда 160 жер көчкү жүргөн

27-Июль 2017, Бейшемби

Республиканын аймагында үстүбүздөгү жылдын беш айында катталган жер көчүнүн саны 9 жылдын көрсөткүчүнө барабар болсо, өзгөчө кырдаалдардын саны өткөн жылга салыштмалуу эки эсеге өстү. Бул тууралуу “Zaman.kg” сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Анын айтымна караганда, жер титирөө, сел жүрүү жана кар көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын жалпы саны 15 миңге жетет.

“Кооптуу аймактар калктуу конуштарга кандайдыр бир кедергиси тийиши мүмкүн. Эгерде жер көчкү боюнча айта кете турган болсок, 1991-жылдан бери 518 жер көчкү катталса, анын басымдуу бөлүгүн быйылкы жылдын ичинде катталган жер көчкүлөр түзөт. Башкача айтканда, үстүбүздөгү жылдын беш айдын ичинде 160 жер көчкү катталган. Бул көрсөткүч башка жылдарга салыштырмалуу 10 эсеге көптүк кылат же мындайча айтканда беш айдын ичинде эле 9 жылдын көрсөткүчүн көрсөткөн. Бул 160 жер көчкүнүн ичинен 67си ар кандай материалдык чыгымдарды алып келген. Айдымдарында адам өмүрүн алган учурлар катталган”,- дейт Шерипова.

“Ошондой эле республика боюнча 2017-жылдын 6 айында 284 өзгөчө кырдаалдар катталса, өткөн жылдын ичинде 248 өзгөчө кырдаал катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көптүк кылат. Эгерде облустар боюнча алып карай турган болсок, Жалал-Абад облусунда – 142, Ош облусунда - 82 өзгөчө кырдаал катталган”,- деп кошумчалады ал.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!