1-август: аба +39 градуска чейин ысыйт

1-Авг. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 1-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +32...+37;

Талас аймагында түнкүсүн +12...+17 күндүз +30...+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +34...+39;

Баткен дубанында түнкүсүн +19...+24, күндүз +33...+38;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +26...+31;

Бишкек шаарында 1-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +35...+37 градус ысык болот.

Ал эми 2-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!