Кооптуу аймактан коркпой жашагандар

3-Авг. 2017, Бейшемби

Кыргызстандын аймагында жер титирөө, сел жүрүү жана кар көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүүлөрү керектиги боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жергиликтүү бийлик маал-маалы менен эскерткенине карабастан алар дале болсо өз жашоолорун бул аймакта улантып келишүүдө.

Жакында эле Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов: “Кыргызстандын 80 пайыз аймагында күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн”,- деген маалыматты коомчулукка жарыя кылды.

Коомчулукка мындай маалымат желдей тарагандан кийин бул аймакта жашаган калкты коопсуз жайга көчүрүү боюнча кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгы боюнча маселе кайрадан козголду.

Коопту аймакта жашаган тургундарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө...

Өлкө аймагында эң көп өзгөчө кырдаалдар катталган Ош облусунда бул маселе кандай чечилип жаткандыгын билүү үчүн Өкмөттүн аталган облустагы укуктуу өкүлүнүн басма сөз кытчысы Жумамидин Сулайманкулов кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди.

“Коопту аймактарда жашаган элдерге жер көчкү, сел жана жер титирөө болушу мүмкүн экенин бир топ эскертик. Аларга башка жакка көчүүлөрү керектиги боюнча ушул күнгө чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал гана эмес, мындай аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн саны такталып, аларга суда жана жер берилген. Бирок, алардын айрымдары ушул күнгө чейин кооптуу аймактарда өмүрүн тобокелге салып жашап жатат. Азыркы учурда аларды сот аркылуу чыгаруу жагы каралууда. Мисалы, ушул мезгилде мындай 3 фактыны сот карап жатат. Соттун чечими менен болсо да кооптуу аймакта жашаган элдерди мажбур көчүрүш керек. Жергиликтүү бийлик элдерди мажбурлап көчүрө албайт же үйүн сүздүрүп сала албайт экен. Мамлекет аларга кыла турган бардык ишин кылды. Башкача айтканда 20-30 жылдан бери суу барбаган жерге суулар чыгарылып, жолдор салынып, жарыктар орнотулуп жана мектеп-бала бакчалар салынып жатат. Бир гана маселе калды. Элдер коопсуз аймактан жер алдыбы? Анда ал жакка барып үйүн салсын, аракеттин кылсын. Мына ушундай гана маселелер калды. Бирок, элдердин арасында кооптуу аймактан көчүүгө кайдыгер мамиле жасагандар да бар”,- дейт Сулайманкулов.

Ушул эле маселе боюнча ӨКМнын басма сөз катчысы Элмира Шерипова : “Кыргыз өкмөтү кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүү боюнча бир канча атайын токтомдорду кабыл алган. Ал токтомдорго ылайык жергиликтүү бийлик органдары калкты коопсуз аймакка көчүрүү иштери жүктөлгөн. Биз мониторинг жүргүзүп, аларга кайсы жер кооптуу зонага кирээрин алдын ала эскертип турабыз. Анан алар тургундарга коопсуз аймакты таап, эл менен сүйлөшүп макулдашкандан кийин гана аларды көчүрүүгө болот. Эгерде кооптуу аймакта жашагандарды күч колдонуу менен башка аймакка көчүрсөк, анда алар бизди сотко берип, соттон утуп алышы мүмкүн. Анткени мыйзамда күч колдонуу менен бирөөнү башка жакка көчүрө албайсың. Ал мүмкүн да эмес. Ошондуктан жергиликтүү бийлик кооптуу аймакта жашаган элдин каалоосу менен гана аларды башка жакка көчүрө алышат”,- дейт.

Кыргыз сейсмология институту эмне дейт?

Кыргызстанда табигый кырсыктардын ичинен жер титирөө тез-тез болуп турат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүшкө ээ болгону менен жер титирөө табигый кырсыктардын ичинен эң коркунучтуусу болуп эсептелет. Ошондон улам Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматовго кайрылып, өлкөнүн кайсы аймактарында кооптуу жер титирөө болушу мүмкүн экенин сураганыбызда, ал эки жерде катуу жер титирөө болушу ыктымалдыгын билдирди.

“Министр Кубатбек Бороновдун өлкө аймагында күчү 9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн деп айткан маалыматы туура. Бирок, ал эртең, бүрсүгүнү же бир жылдан кийин болот дегенди түшүндүрбөйт. Ал киши биздин сейсмология институтунун картасына таянып, 9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн экенин айтты. Бирок, биз үстүбүздөгү жылдын тынч эле болушун күтүүдөбүз. Ал эми 2018-2019-жылдары каттуу жер титирөөлөр болушу ыктымал деп божомолдоп жатабыз. Мындай учурлар Ош облусунун Алай районунда жана кыргыз-казак чек арасында катталышы мүмкүн. Бул маалыматты жылдын аягында дагы тактап кенен айтабыз”, -дейт Абдрахматов.

Ошондой эле анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында жер титирөөлөр көп катталууда. 2016-жылы жер титирөөнүн саны 13 миңге жакын катталып, бул башка жылдарга салыштырмалуу 3-4 эсеге көптүк кылат. 2017-жылы болсо бул көрсөткүч 5-6 миңге жетиши мүмкүн. Бирок, Кыргызстанда жылына орточо эсеп менен 15-20 жолу кооптуу жер силкинүү болот. Анын күчү 4-7 баллга чейин жетет.

Ал эми ӨКМнын басма сөз катчысы Элмира Шерипованын айтымында, республика боюнча 2017-жылдын 6 айында 284 өзгөчө кырдаалдар катталса, өткөн жылдын ичинде 248 өзгөчө кырдаал катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көптүк кылат. Эгерде облустар боюнча алып карай турган болсок, Жалал-Абад облусунда – 142, Ош облусунда - 82 өзгөчө кырдаал катталган. Ал эми 1991-жылдан бери 518 жер көчкү катталса, анын басымдуу бөлүгүн быйылкы жылдын ичинде катталган жер көчкүлөр түзөт. Башкача айтканда, үстүбүздөгү жылдын беш айдын ичинде 160 жер көчкү катталган. Бул көрсөткүч башка жылдарга салыштырмалуу 10 эсеге көптүк кылат же мындайча айтканда беш айдын ичинде эле 9 жылдын көрсөткүчүн көрсөткөн. Бул 160 жер көчкүнүн ичинен 67си ар кандай материалдык чыгымдарды алып келген. Айдымдарында адам өмүрүн алган учурлар катталган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!